Menu

Актөбө чабуулдарына катышы бар деп изделгендердин бири кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн таң эрте Актөбөдөгү кол салууларга байланыштуу издөөдөгө алынган жети жарандын дагы бири кармалды. Бул маалыматты облустун акимчилигинин аппарат жетекчисинин орун басары Ернур Бурахан тастыктады.

Анын айтымында, шектүү жаран Актөбөдөн 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кобда (Хобда) айлында колго түшкөн.

Кечээ кечинде Актөбөнүн айрым аймактарында ок атышуулар болгону кабарланган.

Кобда айлында кармалган жарандын аты-жөнү, курагы айтылган жок. Буга чейин Актөбөдөгү куралуу кол салууга катышы бар делген сегиз адамдын колго түшкөнү маалымдалган.

5-июнда куралдуу топ эки курал саткан дүкөндү тоноп, андан соң Актөбөдөгү аскерий бөлүккө кол салган. Атышуу учурунда онго чукул адам набыт болгон. Кол салгандардын 13ү кийинки эки күн ичинде өлтүрүлгөн. ИИМ маалыматы боюнча дагы алты киши изделүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: