Белгилүү теолог Кадыр Маликовдун өмүрүнө кол салган деп кармалган Тилек уулу Алибек аттуу жаран Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тилек уулу Алибек “Кылмыш далалаты”, “Мамлекеттик же коомдук ишмерди өлтүрүү” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, жазасын өзгөчө шарттамдагы түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 26-ноябрда кечки саат 18.45тер чамасында үйүнүн жанынан “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов менен белгисиз адамдар кол салып, бычактап кетишкен. Маликов борбор калаадагы 4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ