Азыркы аткаминерлердин түшүнүгү да кызык. Уккан адам аӊтаӊ калып, жакасын карманат. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов: «ишке карата кызыгуум жоголгондо, кызматтан кетем» деген билдирүүсү коомчулукта ача пикирге жем таштады. Айрымдар жумушка болгон кызыгуусу жоголсо кызматтан кетерин айтып жатат дешсе, кѳбү ал эмне иш ага баланын оюну беле кызыгуусу болсо иштеп, кызыгуусу жоголсо үйүнѳ жатып ала турган деген сын-пикирлерди айтышууда.
Чындыгында Албек мырза мамлекеттик кызматтын эрежесин, милдеттерин түшүнбѳйт окшойт. Ал кызматка ѳзүнѳ тагылган жоопкерчиликти абийирдүүлүк менен мыйзам чегинде аткарып, элге ак кызмат кылуу үчүн келген. Кызыгуум ойгонсо иштейм, болбосо иштебейм деген логикасы акылга саябы? Деӊгээлиӊе баракелде!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ