Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына ылайык 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында абанын температурасы жогорулашына байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бишкек шаарында 11-июнунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 35…37° жылуу болушу күтүлөт.
11-июнунда республиканын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 11-июнунда күндүз жана 12-13-июндарында кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
14-июнунда жана 15-июнунда түнкүсүн айрым жерлерде, 15-июнунда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ