Menu

Рустамовдун кулкуну куурап жатабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын, айрыкча кайберендердин саны акыркы 20 жылда өтө эле азайып кетти. Ошондуктан «Ата Мекен» фракциясынын депута­ты Эмил Токтошев 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөрүп жатат. Бул демилге колдоого арзырлык. Кайберендер таптакыр кырылып жок боло электе, алдын алыш зарыл. Тилекке каршы, мындай жаратылышка, жан-жаныбарга карата камкордукка Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов караманча-каршы. Сыягы, чет элдик жарандарга арка-кулжага мергенчилик кылууга алчу каражаттан кур жалак калам деп ичи ачышып жатат көрүнөт. Жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлогон ушундай жетекчилерден арылбас болдук. Айтмакчы, агенттиктин мурдагы жетекчиси Сабиржан Атажанов колу таза эместиги айтылып, жазылып жатып кызматтан кеткенде, ордуна келген Рустамовдун дагы баскан жолу мандемдүү экени айтылды эле. Чындап эле кайберендерди атууга тыюу салбаш керек деп айкырып жатканына караганда, коррупцияга белчесинен баткан аңчылык тармагынын каймагын калпыбай калам деп кулкуну куурап жаткан өңдөнөт.

Ушул тапта Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн аңчылык турларын уюштурган 50ге жакын жеке фирма бар. Жылына 70тей кулжа, 250-300 теке атылат. Бирок мыйзамсыз атылган аркар-кулжа мындан көп экенин адистер белгилеп келишет.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: