Menu

Песков: “Орусия АКШдагы демократтардын маалымат базасына чабуул жасаган эмес”

Бөлүшүү:

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москванын АКШ Демократиялык партиясынын улуттук комитетинин маалымат базасын уурдоого тиешеси жоктугун билдирди. Бул туурасында Reuters кабарлады.

Буга чейин “Вашингтон Пост” гезити орусиялык хакерлер аталган партиянын компьютердик түйүнүнө чабуул жасап, Дональд Трамп туурасында маалыматка ээ болгон деп жазып чыккан. Гезит партиянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берген. Алардын айтымында, орусиялык хакерлер Демократиялык партиянын эксперттери топтогон Трамптын досьесин, ошондой эле алардын электрондук каттарын толук көчүрүп алган.

Улуттук комитеттин төрагасы Дебби Вассерман бул маселеге олуттуу мамиле жасалып жаткандыгын билдирди. Америкалык адистер партиянын компьютердик түйүнүн коопсуз абалга келтирди.

“Вашингтон Пост” кабарлагандай, кол салууга хакерлердин эки тобу катышкан. Алардын бири орусиялык аскерий чалгындоонун тапшырмасын аткарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: