Menu

Украин президенти Зеленский реформаны биринчи күнүнөн баштады…

Бөлүшүү:

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петр Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардьга 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган болчу. Бул шайлоонун жыйынтыгы Украинада шайлоонун канчалык таза өткөндүгүн билдирип койду. Туш тараптан украин бийлигин мактап жаткандар толтура.

Кечээ Владимир Зеленский Жогорку Раданын салтанаттуу жыйынында Украинанын президенти катары ант берип, андан соң Мариинск паркына барып, Украинанын куралдуу күчтөрүн кабыл алуу жана мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты.

Мамлекет башчы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө Зеленский ар бир адам өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө салым кошо аларын айтты: «Дүйнө чемпионатындагы Исландиянын командасын эстесеңер. Курамында тиш доктур, тазалагыч бар болчу. Биз футболдогу исландиялыктардай, коргонуу жагынан израилдиктердей болушубуз керек. Донбасстагы согушту токтотуу биринчи максатыбыз болууга тийиш» – деди Зеленский.

Жаңы президент шайланганда өкмөт отставкага кетет деген мыйзам жок болгону менен Зеленский министрлерди кызматтарын бошотууга чакырды. Зеленский депутаттар Украинанын башкы прокурору, коргоо министри жана коопсуздук кызматынын башчысы сыяктуу бир катар жогорку кызматтагы адамдарды иштен кетирип, эки айдын ичинде шайлоого байланыштуу бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алышы керек экенин белгиледи.

«Колубуздан келбейт деп отурган биздин өкмөттү түшүнбөйм. Бул калп – жасай аласыңар. Кагаз, калем алып, ордуңарды келечек шайлоону эмес, келечек муундарды ойлогон адамдарга бошотуп бере аласыңар» – деди ал. Зеленский президент катары биринчи кайрылуусунда Жогорку Раданы таратам деп жар салып, июль айында кезексиз шайлоо өткөрүү керектигин айтты. Ошол эле кезде бул кадамга барууга анын укугу барбы деген суроо чыкты.

Өлкөдөгү айрым саясатчылар Зеленскийдин кадамына таң калган жок, алар тарых кайталанып жатат деген пикирде.

“Беш жыл мурун президент Порошенко кызматка келгенде деле ушундай кылган. Ал дагы парламентти тараткан. Ошол кездеги депутаттар мурдагы президент Януковичти колдогондуктан, Порошенко аларды жактырган эмес. Бирок бир күнү баары өзгөрдү, себеби жараксыз деген парламентке өзүнүн жакындары келди. Тарых кайталанып жатат. Жаңы президенттин бул кадамы мени таң калдырган жок”, – деди украиналык оппозициячыл депутат Алексей Рябчин.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: