Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 5-августта Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул процессти уюштуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги” Абитуриент онлайн “автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыкты.
Кыргызстандын бардык окуу жайлары, факультеттери жана адистиктери www.2020.edu.gov.kg сайтында жайгаштырылган.
“Абитуриент Онлайн” системасы айкын убакыт режиминде кабыл алуу процессине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, рейтингдеги ордун карап туруу билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясынын сынактын жыйынтыктарына таасир этүүсүн минималдаштырат жана абитуриентке тандоосу боюнча кайсы болбосун билим берүү уюмуна кайрылууга мүмкүндүк берет.
Онлайн режиминде кабыл алуу, биринчи кезекте, келечектеги студенттердин пандемиядагы коопсуздугун камсыз кылат жана университеттерде массалык тыгынды алдын алат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ