Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Ду Дэвэнди Каныбек Исаковду министр болуп дайындалышы менен куттуктап, ага жүктөлгөн жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалаган. Министр элчиге ыраазылыгын билдирип, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү үчүн буга чейинки макулдашууну өзгөртүү каралып жатканын билдирген. Ошондой эле эки тарап билим берүү тармагындагы кызматташууну жакшыртуу, кыргызстандык студенттер үчүн каралган квотанын санын көбөйтүү суроолорун талкуулашкан.
Кытайдын жогорку окуу жайларында жалпысынан 60 кыргызстандык студент бюджеттик негизде билим алат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ