Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу боюнча “Республика-Ата Журт” фракциясы демилгелеген мыйзам долбоору каралды. Анда сөз сүйлөгөн депутат Кенжебек Бокоев учурунда легендарлуу парламенттин өкүлдөрү эч кандай унаасы, үйү жана жардамчысы жок эле иштегенин, ал эми кийинки чакырылыштардагы эл өкүлдөрү кызматтык үйлөргө кирип алып, мөөнөтү өтүп кетсе да чыкпай жатканын айтып өттү.
Төрага Чыныбай Турсунбеков тилекке каршы мындай көрүнүштөр бар экенин моюнга алып, аларга карата чара көрүлө турганын билдирди. “Чындыгында экс-депутаттардын арасында батирлерди бошотпой жаткандар бар. Аларды эми сотко берүүгө аргасыз болуп жатабыз. Жакында бул маселе сотто каралат”, – деди төрага.
Эске салсак, КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков кызматтык батирди менчиктештирип алганы тууралуу маалымат тарап, кызуу талкуу жараткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ