Menu

Депутаттар артыкчылыктардан баш тартууга каршы добуш беришти

Бөлүшүү:

Парламент “Жогорку Кеңеш депутаттарынын макамы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү четке какты. Долбоордо кызматтык батирден баш тартуу демилгеси камтылган болчу.

112 депутаттын 52-си “макул” деп, ал эми 60-ы “каршы” деп добуш берип, “Республика Ата-Журт” фракциясы демилгелеген долбоор өтпөй калды.

Азыркы чакырылыштагы курам былтыр күзүндө шайланган. Үгүт маалында көптөгөн талапкерлер депутат болгондо мамлекеттен берилүүчү жеңилдиктерден баш тартабыз деп убада кылган. Шайлоодон кийин кызматтык унаадан жана жардамчыдан баш тартуу чечими кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: