Menu

Кайрылуу: Депутаттарды кыргыз тилдүү ММКны чектеп-муунткан оюндарын токтотууга чакырабыз

Бөлүшүү:

Кайрылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын – «Азаттык» радиосун атайылап бутага алган мыйзам долбоорун четке кагууга үндөйбүз. «Маалымат коопсуздугун кепилдөө» маселесине жамынып алып, депутаттар кайрадан демократияны муунта турган мыйзамды коомчулукка таңулоо аракетин көрүп жатат. Бул былтыр Орусияда кабыл алынган мыйзамдын көчүрмөсү.
Кыргызстандын соңку тарыхында качууга камдана баштаган бийлик кулаарына аз калганда дайым «Азаттыкты» ар кандай шылтоо таап, жабууга аракет жасаганын эсиңиздерге сала кетели. «Азаттык» үналгысы ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн жашоосунун бир бөлүгү, Кыргызстандагы эркиндиктин ажырагыс бөлүгү болуп калган. Парламент депутаттарын Кыргызстан элинин кызыкчылыгында иштөөгө жана бөтөн тараптардын мүдөө-талаптарын канааттандыруу максатында кыргыз тилдүү маалымат мейкиндигин чектеп-муунткан оюндарын токтотууга чакырабыз!
Кыргыз Республикасынын атуулдары жана шайлоочулары: Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, Эркина Убышева, Эльмира Ногойбаева, Нарын Айып, Рита Карасартова, Айнура Чолпонкулова, Гүлнара Курманова, Жылдыз Дүйшөнова, Айжан Кулмамбетова, Клара Сооронкулова, Жума Абдуллаев, Адылжан Шамшиев, Гүлнара Журабаева, Чоробек Сааданбек, Расул Салайдинов, Насира Баратбаева, Гүлнура Садыкова, Назикбек Кыдырмышев, Гүлзада Медералиева, Эльвира Акимова, Равшан Жээнбеков, Муктар Тагаев, Өндүрүш Токтонасыров, Бурул Усманалиева, Кубатбек Жунусов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: