Menu

БШКнын жаңы төрагасы ким болот?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү БШКнын жаңы төрагасын шайлоо машакатына даярдыктар көрүлө баштады. Парламенттен ар бир фракция өз талапкерлерин сунуштап жатышат. Негизи ким өтө турганы жең ичинен белгилүү эле го, бирок, альтернати­ва катары эл көзүнө саясат кылып коюш керек да.
Маселен, БШК төрагалыгына СДПКдан И.Карамушкина, «Өнүгүү-Прогресстен» Н.Арипов, «Ата Мекенден» Г.Журабаева, «РАЖдан» А.Абдраматова, «Бир Болдон» А.Бегматов ат салышууга чыгышса, «Кыргызстан» фракциясы бул жагынан үн чыгара элек. Буга чейин Канатбек Исаев тарабынан Туйгунаалы Абдраимовго сунуш түшкөнү, экөөнүн өз ара сүйлөшкөнү каңкууланды. Сыягы, ой-пикирлер оңунан чыккан эмес окшойт…
Эми жогорку бийлик кызматкерлеринин ичинде эмне оюн болуп атканы коомчулукка, жада калса бизге дагы белгисиз. Бирок, СДПК арканды алыс ыргытып, БШК төрагасына Т.Абдраимовду кайрадан шайлануусуна шанс түзүп, колдоп коюшса болмок. Карама-каршылыкка эмне себеп болду экен? Эгерде бул жагынан ынтымак ыдырачу болсо, келечеги СДПК үчүн жакшы деле болбойт. Туйгун мырзанын Ысык-Атадагы калың электораты бийликке каршы маанайды жаратса, ары жактан Токмок колдоп кетсе, Сокулуктан Темир Сариев араң эле турат да, бий­ликке каршы үзөңгүлөштөр менен биригүү үчүн…
Кызык, оппозиция ансыз да чала жан абалында аянбай жатса, а бийлик ичинен барган сайын ажырым кете берсе, анда күздө саясый кырдаал кескин түрдө начарлап, өзгөчө чүйлүктөрдүн нааразычылыгы курчуп кетпейби? Бул жагы өтө опурталдуу. Андыктан, президент Атамбаев эски досторун өзүнө каршы койбостон, тил табышуу жагын колго алса, келечекте уттурбайт эле…
Булак: “Азия news

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: