Menu

Бишкекте саясий партиялардын алдынала добуш берүүнү өткөрүү усулу талкуулады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан «Демократияны өнүктүрүү: шайлоо өнөктүктөрүнүн тажырыйбасы, шайлоо жүрүмүндөгү мыйзамдар менен жаӊы технологиялардын ролу» темасындагы эл аралык конференциянын катышуучулары «Единая Россия» партиясынын алдынала добуш берүүнү өткөрүү (праймериз) усулу жаатындагы тажырыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Орусия Мамлекеттик Думасынын Бюджет жана салыктар боюнча комитетинин мүчөсү Татьяна Алексеева алдынала добуш берүүнү өткөрүү усулу боюнча ырааттуу маалымат берди. «Алдынала добуш берүү – жарандардын саясий элитаны түзүү жаатындагы койгон талабы. Ошондон улам, «Единая Россия» партиясы шайлоолор алдында алдынала добуш берүү өткөрүүдө», – дейт ал.

Ошондой эле, Молдова парламентинин Дайындоо жана колтийбестик боюнча комитетинин мүчөсү Игорь Время шайлоочулардын тизмесин түзүү жаатында топтогон тажырыйбасын бөлүштү. Ал эми тажик парламентинин өкүлү өз өлкөсүндөгү укук тутумунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп салды.

Андан сырткары, эл аралык ишчара катышуучулары Кыргызстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Армениядагы шайлоолорду өткөрүү жаатында өз ара тажырыйбаларын бөлүштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: