Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда, өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Атамбаев коргонуу саясатынын биринчи кезекте өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого тийешеси бар негизги милдеттерин турмушка ашыруу боюнча Коргоо кеңеши аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррористтик чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу да баяндама жасады. Андан тышкары коррупцияга каршы күрөшүүгө жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоого байланыштуу маселелер талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ