Menu

Гуревич Жамшитовду убара кылып жатыптыр

Бөлүшүү:

Максим Бакиевдин каржы консультанты Евгений Гуревичтин Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгарып кеткен каражатка байланыштуу билдирүүсү боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште маалымат берди. Ал өз сөзүндө: «Гуревич уурдалган каражаттын дареги, анын булактары, анын банк эсептери жөнүндө так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн. доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткен деп эле кайра-кайра кайталоодо. Ошондон улам кыйынчылыктар жаралып жатат. Азыркы учурда Максим Бакиевдин АКШдагы 6 млн. доллар каражатынын гана дареги бар, ал банкта тоңдурулган. Кыргызстан азырынча ал каражатты ала элек», – деп алакан жайды. Кыскасы колунан эч нерсе келбей турганын айгинеледи. Башкы прокурордун логикасы боюнча Гуревич уурдалган каражаттын дарегин, банк эсептерин так айтып сайрап бербей убара кылып жатыптыр. Мына бийликтин кадрларынын кейпи…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: