Тажикстандын Эмгек кодексинин жаңы редакциясына ылайык, эми иш учурунда мас абалында болгон кызматкерди жумуштан кетирүүгө же ошол күнкү айлык акысын төлөбөй коюуга болот.
Парламент депутаттары билдиргендей, кызматкер ишке алагүү, баңгизат же псохотроптук каражат колдонгон абалда келип, медициналык текшерүүдөн баш тартса, иштен бошотулуп же ошол күнкү акысын албай калышы мүмкүн.
Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлиги маалымдагандай, долбоор өтө көлөмдүү даярдалган. Анда жеке ишкерлер, үй жумушчулары, сезон учурунда иштегендер, техникалык кызматкерлер, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматкерлер деген түшүнүктөр камтылган. Мындан тышкары, долбоордо журналисттер, спортчулар жана дыйкандар үчүн эмгек өргүү мөөнөттөрү да каралган. Мурда мындай жоболор жок эле.
Парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Шукуржон Зухуров бул кодекс өлкөнүн иштеп жаткан жарандарынын укугун коргоого багытталганын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ