Талас облусуна Улуттук көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн чет өлкөлүк туристтер келишкен. Алар Кыргызстанды, анын ичинде “Манас ордо” улуттук комплексин көрүп суктанып жатышкандыктарын айтышкан.
Туристтер кыргыз элинин маданиятын чагылдырган жерге келгенде кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнө таң калгандарын жашырышкан эмес.
Айрымдары “Көк бөрү” оюнун сыналгыдан гана көрсө, бул жерден өз көзү менен көрүп жатканына кубанычта.
Эскерте кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталган. Ал эми 21-сентябрда аяктайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ