Menu

Бишкекте 23-30-сентябрда “Кан басымыңды билип ал” акциясы болот

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында 23- сентябрдан 30-сентябрга чейин “Кан басымыңды билип ал” аталышындагы акция өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул иш-чара 29-сентябрда  жүрөк күнүнө карата уюштурулууда.

Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору үй-бүлөлүк медицина борбору менен биргеликте шаар боюнча артериялык кан басымды өлчөгөн пункттарды уюштурат.

Ар бир жаран кан басымын билип, эгер көтөрүлүп кетсе дарыгерден  бекер кеңеш ала алат. Мындан сырткары, жашоочуларга артериялык кан басымдын жогорулашынын себептери жана оорулардын алдын алуу боюнча маалымат жазылган брошюралар берилет.

Пункттар эртең мененки 9:00до башталып 17:00го чейин иштейт.

Даректери:

Октябрь району: райондук администрация, Калкты тейлөө борбору, Маданият башкармалыгы, райондук билим берүү башкармалыктары, үй-бүлөлүк медицина борборлору, Beta stores-2, “Глобус”, “Космопарк” гипермаркеттери, “Бишкек” оптомаркети, Орто-Сай базары.

Свердлов району: муниципалдык райадминистрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, “Айпери” дүкөнү, “Дордой Плаза”, “Аю Гранд”, “Мегакомфорт” соода борборлорунда, калкты тейлөө борборлорунда, “Глобус”, “Народный” гипермаркеттеринде, “Чынар”, “Чолпон”, “Аламүдүн” базарларында.

Биринчи Май району: акимиат, “Азиз” рыногу, “Фрунзе” гипермаркети, КРнын социалдык фонду, Биринчи Май ЗАГСы, Бишкектеги сыноо борбору, сертификация жана метрология, Күрөңкеев атындагы музыкалык училище, “Шекер” соода борбору.

Ленин району: акимиат, билим берүү башкармалыгы, “Глобус”, “Бишкек парк”, “Фрунзе”, “Азия Молл”, “Народный”, “Берекет Гранд” соода борборлору, Ленин райондук аскер комиссариаты, “Солнышко” дүкөнү, Ош базары.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: