Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад облусундагы таажывирустун жайылышына каршы киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылына да тосмо-бекет коюлду. Бул тууралу айылдык депутат Кадырбек Парманов билдирди.
Мындай бекеттер Аксы районунун ар бир айылына коюлуп, ар бир айылга кирип-чыккандарды тыкыр көзөмөлгө алып, зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого, бир үйдөн бир гана адам азык-түлүккө барууга боло турганын түшүндүрүп жатышат. Коомдук транспорттун каттамдары чектелип, алыскы жолго – Жалал-Абад, Ош, Бишкекке аттанбоону, жолдун баары жабык экенин эскертишүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ