Menu

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Мен Мавлян Аскарбековдун деңгээлине түшкүм келбей кетип калдым”

Бөлүшүү:

Бүгүн, «Сентябрь» телеканалынын журналисттери Депутат Дастан Бекешовду маекке чакырса, ал келип дебаттагы атаандашы Мавлян Аскарбеков экендигин билип, эфирге катышпай кетип калгандыгын фейсбукка жазып чыгышкан.
Андагы маалыматка таянсак, буга чейин көзү азиздерге Дастан Бекешев жана дүлөйлөргө берилчү батир боюнча чыккан чырда Дастан Бекешовдун да аты аталган. Мындай чырга эмне үчүн Бекешовдун аты аталып жаткандыгын, тиешеси бар же жок экендигин билүү үчүн «Сентябрь» каналы депутатты чакырса, келип Мавлян Аскарбековду көрүп эфирге катышпай кетип калыптыр. Депутат эмнеден коркот, эмне үчүн мурунку принцибинен тайып жатат? Эгерде депутат өз оюн айтам десе, «Сентябрь» каналынын эшиги ар дайым ачык экендигин жазды.
Биз Дастан Бекешовго байланышып, анын пикирин уктук.
«Журналист мени чакырганда экөөбүз олтуруп алып, материалды жасайбыз, сиз ошол коом боюнча айтып бересиз. Ал жакта эмне көйгөй болуп жатат деген сыяктуу суроолорду беребиз дегенинен мен макул болдум. Биз «Сентябрь» каналынын редакциясына келгенде ал мага башкача айтып баштады. Ал Мавлян Аскарбековду чакырдык дискуссия болот деп айтты. Мен анын деңгээлине түшкүм келбей кетип калдым. Качкан жокмун, мен кимден коркуп, кимден качмак элем. «Сентябрь» каналы “Ата Мекендики” Мавлян Аскарбеков шайлоодо ошол жакта болгон, ошондуктан өздөрүн мактап жаза беришет да»- деп билдирди ал.
Булак:fakt.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: