Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Кыргызстанды оңдоп кетүү үчүн кыргыз эли менен бийлиги жакынкы аралыкта эмнелерди жасаш керек?”

Бөлүшүү:

Менин жеке пикиримде жакынкы аралыкта Кыргызстандын элинин жана бийлигинин алдындагы маанилүү бир нече тапшырмалар болушу керек:
1. Латын арибине өтүү. Бардык иш-кагаздарын, документтерди, жазмаларды деги эле жазуу аттуунун баарын латын арибине которуу.
2. Англис тилин улуттар аралык байланыш тили жана расмий тил деп жарыялап, орус тилине катар киргизүү.
3. Кыргызстандагы англис тилинин ролун жогорулатуу жана аны өлкөдөгү экинчи тилге айлантуу үчүн Кыргызстандын жаштарына, деги эле каалоочулардын баарына англис тилин сапаттуу үйрөтүү боюнча масштабдуу программаларды түзүп, аны ишке ашыруу. Бул боюнча АКШ сыяктуу мамлекеттер менен келишим түзүп, ишке ашырса болот.
4. Тез арада Европа биримдиги жана АКШ менен ар кыл сферадагы тыгыз кызматташуу келишимине жетишиш керек. Ал үчүн АКШ жана Кыргызстандын ортосундагы маанилүү стратегиялык келишимдерге кол коюлушу зарыл. Мисалы, Кыргызстанагы грин-кард утуп алуу лимитин жогорулатууга кыргыз бийлиги аракет жасап, ага жетишиши зарыл. Мисалы Кыргызстандан жыл сайын 200 адамга жетип жетпеген жарандар грин кард утса, биз тоталитардык деп эсептеген өзбек кошуналар жыл сайын 5 000 адамга грин-кард утуп алууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен. 5 миң адамдын артында аларда жок эле дегенде орточо 4 адамдан кошулса, анда жылына орто эсеп менен 20 миң адам АКШга кетип жатат. Ал жарандар өз мамлекетине миллиарддаган кирелшелерди нак акчалай жөнөтүп жатышат. Эгерде биздин 200 миң эле жараныбыз АКШда болгондо азыр биздин мамлекетке канчалаган жүз миллиондогон инвестициялар түшүп турмак.
Кыргызстан бул жаатта жок дегенде 1,5-2 миң адамдык квота алып алса бул биздин экономикабызга дагы, жалпы жарандык-психологиялык абалыбызга да оң таасир тийгизмек. Жүз миңдеген жаштар АКШ жана Европа Биримдигине барып жашоо турмуштан сабак алып, окуп, көп тармактуу өнүгүү тажрыйбаларын Кыргызстандын келечеги үчүн жумшамак.
5. Кыргызстандагы мүмкүн болгон тармактардын баарын компьютерлештирүү. Заманбап технологияларга өткөрүү. Мамлекеттик башкаруу аппараттарынан баштап көчөдөгү кыймыл аракеттерге чейин.
Албетте, бул кадамдарды жасоо Кыргызстандын азыркы бийлигинин колунан келбейт. Бирок, болочоктогу бийликке келе турган күчтөр мына ушул маселелерди кыргыз коомчулугуна негизги приоритет катары алып чыгуусу зарыл. Бул маселелердин чечилишине РФ бийлиги тарабынан абдан чоң тоскоолдуктар жасалат, бирок кыргыз бийлиги чындап эрк байласа акырындап болсо да ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер бул чаралар ишке аша баштаса, 10-15 жылдан кийин башка Кыргызстанды көрүүгө болот.
Бул менин жеке пикирим. Эч кимге таңуулаган жокмун. Путиндин колдоочулары талкуу кылбай деле койсоңор болот.
Адилет Айтикеев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: