Menu

Кубатбек Байболов, экс-генпрокурор: “Аида Салянова айдакка көнүп, атүгүл “чач ал десе баш алганын” мойнуна алып, уялып калганы жөн болмок”

Бөлүшүү:

Экс-генпрокурор Аида Салянова 17-июнь күнү анын өзүнө, үй бүлөсүнө, туугандарына бийлик тарабынан мыйзамсыз, адилетсиз куугунтуктоолор болуп жатканын муңкана билдирген эле. Анын бул билдирүүсүнө коомдук ишмерлер да үн кошо баштады. Экс-генпрокурор Кубатбек Байболов оппозициялык журналист Адилет Айтикеевдин ушул темадагы пикирине төмөнкүдөй жорум жазыптыр:
“Кай учур болбосун, карапайым калктын маанайы, жегичтерге каршы. Бирөөнү кесиптир десе, аркасын тырмагандай маашырланат. Ылгап олтурмак беле?” Бирөөнүн кулагын кескен, бирөөгө кийиз кескенге барабар” эмеспи.
Мына дал ушул маанайдын далдаасында, байдын айдагына алданган жасоолдордун канчасы өттү жалгандан.
Адилет, тизмектегендериң, айгай салгандар кана. Ал эми актанганды намыс көрүп, кудайга, акыйкат заманга коюп, ичтен сызып келе жаткандар канча? Убалы кимге?
Атап өткөндөрүндүн баары ак дегенден алыс болойлу, бирок Аида айымдын айдакка көнүп, ал түгүл “чач ал десе баш алганын” мойнуна алып, уялып калганы жөн болмок. Канткен менен Атамбаевке рахмат, аягына чейин тайрандатат ко дегенбиз.
Билбесек бир жөн, акыйкат жоопко тартылгандар адетте кек сактабайт. Ак жеринен, саясий өңүттөн куугунтукталгандардын убалы көпкө чейин уктатпайт болуш керек, айымды.
Анын үстүнө тигинтип:”Адалсынган молдонун үйүнөн, алты камандын башы чыгып” жатса”, – дейт Кубатбек Байболов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: