Menu

Парламентте эс алуу парктарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам каралды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Бакировдун айтымында, республика боюнча 535 га парк аймагы бар. Алардын 10 пайызы гана ижарага берилген. Калганы ижарага берилбей өзүн өзү актабай келет. Натыйжада парк аймактары жакшы каралбай калган.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу эс алуу жана маданий парктардын жер тилкесинин инвестициялык ижарасы деген түшүнүк киргизилип, эс алуу парктарына капиталдык курулуш куруу жана субижарага берилиши мүмкүн эместиги белгиленген. Балдар ойноп, көңүл ачуучу, спорттук жеңил курулмаларды куруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга же он беш жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык, конкурстук ижарага берүү мүмкүндүгү сунушталган.

Жыйынга чакырылыган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Расул Артыкбаев мыйзамга эс алуу парктарына ар кандай капиталдык курулушка тыюу салынаары так жазылса деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: