Menu

Кубан Чороевге УКМКдан “последнее китайское предупреждение”

Бөлүшүү:

“Карыз алып, төлөбөй койсо болот” деген лозунгдун алдында, бир катар насыячыларды ишендирип, артынан ээрчитип, өзүн экономист катары тааныштырып жүргөн Кубан Чороев жана насыячылардын укугун коргоочу уюмдун өкүлү катары аты аталган Кубат Токсобаев аттуу жарандардын аттары аталып жүргөнүн угуп-билип жүрсөңүздөр керек. Угушубузга караганда, өткөн аптада бул экөөнүн УКМКга аңгемелешүүгө чакырылганы белгилүү болду. Тагыраагы, “карызды төлөбөй койсо болот” деген узун жомогун айтып, бир топтон бери жөн-жай тиричилик кылган элди дүрбөтүп, аймактарды да жөн койбой, Бишкекке алдап чакырып, ансыз да араң тиричилигин өткөрүп жаткан элди жол киреге банкрот кылып, ого бетер нааразылыкты күчөткөн кылыктары ҮЧ ТАМГА байкелерге өтө жага бербеди көрүнөт.
Ошентип, УКМКдагы чекист байкелер тиги экөөнө акыркы кытай эскертүүсүн берип, эгер жөн жүрүшпөсө, элдин башын калп сөз менен айлантканын токтотушпаса, абакка тыгып коюуга негиз бар экенин эскертишиптир. Эми байкай туралы, кандай жолду тандап, кандай кадам жасашаар болду экен?!
Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: