Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Акылбек Султанов кызматтык батирин парламенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берди. Ошондой эле жакында эле депутаттык мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан Ашэра Халикова дагы кызматтык батирин бошотту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын маалыматы боюнча 5-чакырылыштын эки депутаты А.Режавалиев жана Э.Исаков жакынкы апталарда кызматтык батирлерди өткөрүп бериши күтүлүүдө.
Учурда Жогорку Кеңештин кызматтык батирлерди бөлүштүрүү боюнча комиссиянын чечими менен учурда 6-чакырылыштын 15 депутаты кызматтык батирлерде жашайт.
Эске салсак, өткөн жумуда парламент жыйынында экс-депутаттар кызматтык батирин өткөрбөй жатканы тууралуу маселе козголуп, төрага Ч.Турсунбеков эгер алар өз ыктыяры менен үйлөрдү бошотпосо сотко кайрылууга аргасыз болорун айткан эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ