Кечээ күнү ЖКнын Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болбой калды. Себеби, комитет төрагасы “кылмышка шектүү” делген депутат Максимдин жан досу Жаныбек Бакчиев баштаган мүчөлөрү, так айтканда Камчыбек Жолдошбаев, Самаев Урмат, Саляновалар жыйынга келбей коюшкан. Жыйынтыгында кворум жок болуп калды, көрсө алар ишти унутуп, “жайылып” кетишкен окшобойбу. Аталган комитет “Кылмыш кодекси” жөнүндө маселени талкууга алмак. 10 күндөн кийин тарашат ансыз да. Эс алууга чыкканча эл үчүн иштеп турса эмне болуп кетишет эле?! Төрага Бакчиев баарын таштап Максим досуна “учуп” кеткенби?
Булак: “Багыт.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ