Menu

Бишкекте велосипед уурдаганга шектелип эки жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте велосипед уурдаганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек ШИИББди боюнча МКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 3-октябрында болжол менен түнкү саат 03:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жал кичи районунда велосипед уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1973-жылы туулган Б.Ш аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 03:30 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнүн подьезинде турган 2 даана велосипедин уурдап кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери Ашубаев М. жана Шейшенов К. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин уюштуруп, кылмыш изин суутпай, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган С.Ж жана 1997-жылы туулган К.Н аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: