Menu

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн спикерликтен кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, парламент өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу үчүн бардыгын жасады. 

“Президент кызматтан кеткенден кийин, спикер катары президенттин ыйгарым укуктары мага жүктөлгөн, бирок 6-чакырылыштын мөөнөтү аяктап бараткандыктан кырдаалды турукташтыруу үчүн чыр-чатактар ​​чыкпашы үчүн мен өз ыктыярым менен президенттин м.а. болуп иштөөдөн баш тарттым. Бул вазийпа Садыр Жапаровго өткөн. Ошентип президенттин м.а. премьер-министр Садыр Нургожоевич бүгүн эбегейсиз, зор бийлик рычагдарына ээ болду. Эми ал келип чыккан бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ. Эки тизгин бир чылбыр колуна өттү”, – деди Канат Исаев.

Ал белгилегендей, Садыр Жапаров шайлоого баргандыгына байланыштуу президенттин м.а. премьер-министр бойдон кала албайт.

“Анда ал президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктарын парламенттин спикерине өткөрүп бериши керек. Азыр Жогорку Кеңеш ишин узартты, ошондуктан спикер президенттин милдетин толугу менен аткара алат”, – деп кошумчалады К.Исаев.

Анын айтымында, “Кыргызстан” партиясы аны президенттикке көрсөтүүдө, буга байланыштуу ал спикерликтен кетүүнү чечкен.

“Мен спикер катары президенттин милдетин аткара албайм. Кайра өкмөткө өткөрөлү десек, толук кандуу премьер-министр жок болот. Премьер-министрдин милдетин аткарган биринчи-вице-премьер барып президенттин м.а. болгон туура эмес болот. Өзү толук кандуу өкмөт башчы болбосо, анан президенттин м.а. анда туңгуюкка кептелгендей болот. Ошол себептен менин же партиянын кызыкчылыгы өлкөнү саясий туңгуюкка алып келбеши керек. Мен ЖКнын төрагасы кызматты өткөрүп берүү боюнча чечимди кабыл алдым” – деди Исаев.

Белгилей кетсек, Канат Исаев спикер болуп 13-октябрда дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: