Menu

Токой фондундагы жерлердеги кенди трансформациясыз казууга багытталган мыйзам долбоору кайчы пикирлерди жаратты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында “Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сунушталган долбоор менен жерди пайдалануу чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган КР айрым ченемдик укуктук актыларынын бир катар жоболорун тактоо киргизилүүдө. Ошондой эле КР Жер кодексине, «Жер участокторду которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин башка категориядагы жерлерге, ошондой эле башка түрдөгү чарба жерлеринин башкасына которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын ыйгарым укуктарын тактоо жагында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Долбоордо токой фондусундагы жерлерден чыккан кен байлыктарды трансформация жүргүзбөй туруп казууга мүмкүндүк берүү маселеси киргизилген. Бул аракеттеги кен иштетип жаткан компанияларды текшерүүнүн натыйжасында жаралган маселе.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков мыйзам долбоорундагы мындай сунуш токой фондусундагы жерлердеги кен байлыктарды оңой жол менен алып, казууга болгон аракет катары баалап, жаратылыштын арча, карагайларын кыйдырбай сактап калуу зарыл дейт. Арча, карагайлар кыйылып жок болот дегенге каршы оюн билдирген Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов кен иштетүүдөн кийин баардык аймак рекультивациялаары мыйзамда белгиленгендигин жооптоду. Ошондой эле бүгүнкү күндө токой баскан аймактарда кен иштетүүгө 127 лицензия берилгендиги маалым болду.

Комитет төрагасы Мирлан Бакиров баштаган бир катар депутаттар табиятты сактап калуу, токой фондусундагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы боюнча ой-пикирлерин айтып, буга чейин берилип кеткен лицензиялардын мыйзамдуулугун тиешелүү органдарга тапшыруу керек дешет. Ал эми сунушталган мыйзам долбоорундагы токой фондундагы жерлердеги кенди иштетүү боюнча аракеттеги ченем калтырылмай болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: