Menu

Айбек Бусурманкулов: “1992-жылы депутаттар “Жерүй алтын кенинде эмне үчүн кыргыздын үлүшү 80% эмес, 70% болуп калган?” деп комиссия түзүшкөн, бүгүн 0% болсо да эч ким унчукпайт”

Бөлүшүү:

Алтын мафиясы. Легендарлуу парламент.

1992-жылы Легендарлуу парламенттин депутаттарынан турган Алтын комиссиясы түзүлгөн. Курамына Турдакун Усубалиев, Рамазан Дырылдаев, Шергазы Мамбетов ж.б. киришкен. Ошол учурда Жерүй алтын кенинде КР үлүшү 70%, Америкалык Морисон Кнудсен компаниясынын үлүшү 30% болгон. Легендарлуу парламенттин депутаттары ал келишимди сындап, “эмне үчүн Казакстанда Шеврон компаниясы Казак Өкмөтүнө 80% берет, ал эми бизде 70%” деп маселени кабыргасынан койгон? Азыр болсо Жерүйдө КР үлүшү 70% да, 80% да эмес – 0%. Алтын комиссиясынын оюн боюнча Алтын кендерди КР өзү иштетиш керек болчу. Тилекке каршы анын ордуна А. Акаев Борис Бирштейн досу менен алтын кендерди чет мамлекеттик компанияларга бере баштаган. Азыркы учурга чейин Алтын мафиясы Кыргыз бийлигин колго алып, Кыргыз элин тоноп келет. Алтын мафиясынын курмандыктары: Легендарлуу парламент тараган, Насирдин Исанов кайтыш болду, Саруулук жигиттер камакка алынышты, Садыр Жапаров түрмөдө ж.б. Экологиябыз талкаланып жатат.

Эми болсо Алтын мафиясы Таласка киришти. Алтын мафиясынын артында чет элдик Олигархтар турат.

Качанга чейин Алтын мафиясынын курмандыгы боло беребиз? Качан намысыбызга келебиз? Качан элдин байлыгы элге таандык болот? Алтын мафиясын жеңүү учур келди.
Жер казынасы мыйзамын элдин пайдасына өзгөртүш керек!

Элдин байлыгы – Элге!

Айбек Бусурманкулов, “Жер үй” алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: