Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда мамлекеттик кызматтарда элдин татыктуу өкүлдөрү – адамгерчиликтүү, адептүү, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр инсандар иштеши керектиги айтылган.
“Тилекке каршы, кийинки жылдары мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы акырындап оңоло баштаганына карабастан, жарандар тарабынан алардын адеп-ахлагына жана моралдык-этикалык сапаттарына карата олуттуу дооматтар айтылууда. Мамлекеттик кызмат – бул элге кызмат кылуу экенин унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктары жана текебердиги коомубузда терс бааланып жатат. Жарандарыбыз мамлекеттик кызматкерден эл алдындагы өз жоопкерчилигин терең сезип, адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасап, оор басырыктуу жана жупуну болууну талап кылышууда. Бул адилеттүү доомат.
Ошондуктан алдыбызда мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигинин жогорку натыйжалуулугун, алардын кесипкөйлүгүн арттырып, моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган кадрлар менен иштөөнүн жаңы системасын турмушка ашыруу боюнча көп күчтү жана аракетти талап кылган иштер күтүп турат”, – деп айтылат Атамбаевдин куттуктоосунда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ