Канча жылдык тарыхы бар “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жасалма жол аркылуу, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн банкрот болгону турат.
Ишкананын негизги милдеттеринин бири бул пенсионерлерге пенсия жеткирүү, гезит таратуу жана “Коопсуз шаар” проектинин “бактылуу каттарын” айдоочулардын дарегине жеткирүү. Пенсия жеткирүү, кат ташуудан байкуш почтальондор болбогон эле акча алат, керек болсо өзүн-өзү актабайт дагы экен. Эми болсо ортодон чыккан ойрондор, ал акчаны да кыскартып, азайтып атайын эле банкрот кылганы жатышыптыр.
Өкмөт башчы эки жакты элеңдебей ушуларды бир карап койсо жакшы болмок. Же эмне мамлекеттик ишканалардын баарын банкрот кылуу максатпы?
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ