Menu

Митингде каза болгон адам 19 жаштагы жигит болгон

Бөлүшүү:

5-октябрь түнү болгон митингден каза болгон жигиттин ким экени аныкталды. Бишкектеги Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев RFE/RL радиосуна 2001-жылы төрөлгөн 19 жаштагы адам катуу жараат алып, ооруканада көз жумганын маалымдады.

“Маркумдун эки бутун жардыргыч зат жулуп кеткен. Азыр сөөгүн шаардык моргго жеткирип койдук”, – деди Токтобай Маанаев.

Саламаттык сактоо министрлигинин 6-октябрь таңкы саат сегиздеги маалыматы боюнча Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда башынан оор жаракат алган бир адам каза болгон

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда реанимацияда.

Жарадар болгондор Бишкеке травматология, ортопедия илим изилдөө борбору, Улуттук госпитал, шаардык №1 оорукана, Чүй ооруканасы жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: