Menu

Каныбек Иманалиев: “Бакиевдер талкалабаган мөңгүлөрдү Сапар Исаков талкалады. Исаков эң башкы шектүү катары жооп бериши керек”

Бөлүшүү:

“Ошол кездеги комитеттин төрагасы катары айтып коюшум керек. Мен да учурунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча ТВЕА менен келишимди колдогом. Келишим бул базалык документ. Ал эми анын аткарылышында уурулук болсо ага парламент жооп бербейт. Ага ошол уурулар жооп берет”, – деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев 16-майда парламентте Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда.

“Биз 2-3 күндөн бери бир эле суроого жооп таба албай жатабыз. Ким уурдаган? Кfнча уурдаган?  деп. Арменияда ушул биздикиндей эле ТЭЦ 250 мегаватт 285 миллионго курулган. Бир бирден, 1 мегаваты. Өзбекстанда 870 мегваттагы ТЭЦ 484 миллион долларга ремонт болгон. Эки эсе арзан түшкөн.Казакстанда Экибастуз ТЭЦи бирге-бир.Тажикстанда 400 мегаватт ТЭЦ 349 млн долларга оңдолгон. Ошолорго салыштырып келгенде биздин ТЭЦтин модернизациясынан 100-140 млн доллар уурдалган. Бул жерде олтурган министрлер менен депутаттар биз ошол кездеги президенттин тапшырмасын аткаруучуларбыз. Биз президенттин тапшырмасын аткарып, келишимди мыйзамдаштырып бердик.  Бул жерде Сапар Исаков Алмаз Атамбаевге жазган катын маалымат иретинде гана жаздым деп жатат.  Бул жерде президенттик администрацияда иштеген Аалы Карашев да олтурат, катты ким жазса визаны да ошол даярдайт. Президент визасында жазып жатпайбы: “Макулмун, ишти уюштурууну суранам” деп. Аткаргыла! деп жатпайбы. Ошондо баасы бычылган., ошондо баасы чечилген. Биз ошонун аткаруучуларыбыз. Экинчи суроо, ким уурдаган? Мен өз оюмду айтам. Биринчиден, бул жерде олтурган депутаттар менен министрлердин арасында кытайлык ТВЕА менен 8 жыл бою жолугушуп келген бир гана адам олтурат. Бул – Сапар Исаков. Игорь Чудинов да айтып берди, кытайлык ТВЕА менен биринчи жолу барып жолуккан да Сапар Исаков болгон – 2009-жылы 15-октябрда. Экинчи жолу Сапар Исаков ТВЕАга Максим Бакиев менен анын протоколдук кызматынын башчысы катары барып, 2010-жылы 12-январда жолуккан, муну өзү танып жатат, бирок ошол кезде элчиликте иштеген балдар муну тастыктап жатышат.Эң негизги идея – катты президентке Сапар Исаков жазып жатат. Криминалистиканын законунда жеке байланыш, жолугуу  эң маанилүү деп эсептелет. Бир гана адам ТВЕАнын жана Кытай соода өкүлчүлүгүнүн өкүлү менен 15 жолу жолуккан. Мен пропускалар бюросунан тактадым алар кимге келген деп. Президентке, спикерге кирген эмес, депутатка кирген эмес. 2013-2017-жылдарда Сапар Исаковго ТВЕАнын негизги куратору, Кытайдын соода өкүлү 18 жолу кирген. Эмне үчүн алар Нурсулуу Ахметовага кишкен эмес. Эмне үчүн алар Темир Сариевге кирбейт? Анткени соода өкүлү бул коммерция, акча маселесин гана чечет.Текебаев февралдан сентябрга чейинки 6 айлык сотто Маевский менен бир жолу кезиккенби деген маселени койду.  Ал эми Сапар Исаков соода өкүлү менен 15 жолу жолугуп жатса мен ким ууру? Деп суроого укугум барбы? Кыргызстанда $50 миллиондон ашык долбоорлордо каерде чыр чыкса бүт баарында Сапар Исаковдун аты бар. Кумтөр жана башкаларда да. Эмне үчүн тышкы саясат бөлүмүн башкарган Сапар Исаков кытайдын жол курган “Чайна роуд” компаниясынын Кыргызстандагы куратору болуп олтурат. Анын президенти Сапар Исаковго 8 жолу кирип жатат. Буга чейинки премьер-министрлер кыргыздын алтынын уурдатышкан, бирок мөңгүсүн талкалаган эмес. Биз сындаган Бакиевдер да ошого барган эмес, Сапар Исаков кыргыздын тарыхында биринчи жолу кыргыздын мөңгүсүн талкалаган , ошого жол берген премьер-министр катары калат. Биз корутундуда Сапар Исаковдун кылмышка шектүү экенин өзүнчө атайын белгилеп кетишибиз керек”, – деди Каныбек Иманалиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: