Menu

Түркмөнстанда кайрадан кумшекер тартыш болууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө.

“Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосу 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, – деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралууда. Шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушууда.

Бул арада балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: