Menu

Казбек Токтолиев, журналист: «Абийир туткундары» (узники совести) абактан бошотулсун!

Бөлүшүү:

Өлкөнүн ар бир жараны сыяктуу эле мени да акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуялар кооптондурат. А.Акаев жана К.Бакиев башкарган, мамлекет үчүн майнапсыз 20 жылга токтолгум да келбейт. Алардын бардык кемчиликтери, коррупция жана өз элине карата чыккынчылыгы жөнүндө жетиштүү айтылган. Ошентсе да, өткөн эки революцияга карабастан, өлкө бүгүн кез келген экономикалык жана саясий кырдаалды эч ким олуттуу талдаган жок. Эч ким мамлекеттик жана коомдук менчикти приватташтыруу шылтоосу менен өз элин тоношкон “журт аталарынын” жана алардын жан жөкөрлөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берген жок. Бул масштабдуу афералардын жана коррупциянын, бийлик жана кылмыштуу дүйнө тарабынан өлкөнү каптаган өзүм билемдиктин четин билүү менен эле эл эки революция жасады. Ал учурда эл А.Акаев менен К.Бакиевди кулатууга салымын кошкондордун ар бирин колдогон. К.Бакиевди, андан да анын чөйрөсүн кубалаганга көбүрөөк кубанышкан. Азыркы бийликтен эл чоң үмүттөнгөн. Бардыгы бул бийлик уурдалган мамлекеттик менчикти кайтарат, өлкөнүн экономикасын көтөрөт, мыйзамдын үстөмдүгүн жарыялайт жана жарандын укугу менен эркиндигин коргойт деп үмүттөнүшкөн.

Баарынан да эл мурдагы шылуундар жасаган сыяктуу мамлекеттик менчиктин жана кызматтардын кайтадан бөлүнүшүн каалаган эмес. Пикирлердин плюрализмин, таза шайлоолорду жана чыныгы сөз эркиндигин, а башкысы – жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принцибинин – күнөөсүздүк жөнүндө презумпциянын камсыздалышын каалаган. Бирок айрым партиялардын жана коомдук кыймылдардын мүчөлөрүн камакка алуу менен байланышкан акыркы окуялар азыркы бийликтин саясатындагы артка кеткен процесстер жөнүндө күбөлөп турат. Азыркы бийлик өз максатына жетүү үчүн мурдагылар тарабынан тапталган жол менен кеткендей сезим жаралат. Териштирбестен туруп эле, чын-төгүндү койгулаштыруу менен алардын өлкөнү өнүктүрүү үчүн ойлонулбаган жана майнапсыз саясатына каршы сүйлөгөндөрдүн баарын коомдон обочолотуп жатышат. Мында бул ишке кылмыш-жаза укугунун «АЗын» түшүнбөгөн, ал гана эмес «кылмыш курамы» деген сыяктуу укуктук категория бар экендигин билбеген, а эң башкысы – далилдерди жасалмалагандык үчүн, адамды билип туруп мыйзамсыз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жана камоо үчүн жоопкерчилик бар экендиги жөнүндө билишпеген тажырыйбасыз тергөөчүлөрдү тартышууда.

Ооба, эл өз амбициялары, бийликке кайра келүү үчүн дагы бир революцияны эңсегендерден тажады. Жана коомдук аң-сезимди мындай козутуучулар менен иш жүргүзүү керек, бирок, А.Акаев менен К.Бакиевге окшоп калбаш үчүн, мыйзам алкактарында жүргүзүү зарыл. Башкаларды айтпаганда да “убактылуучуларга” оппоненттер менен мындай күрөштүн кесепеттери жөнүндө белгилүү болууга тийиш. Биз өлкө жетекчилигинин экономикалык кризисти ооздуктоодогу, өзгөчө социалдык маселелерди чечүүдөгү аракетсиздигин жон терибиз менен сезип турабыз. Жана бийлик мындай абалды өзүнүн жөндөмсүздүгү менен түздү. Жогоркулар канчалык актанышпасын, өлкөнүн экономикасындагы абал жан кейитерлик. Албетте, мындай жагдайлар бүгүнкү бийликтин оппоненттерине ар кандай аракеттерди көрүүгө чакырык таштайт. Бийликтин мындай кудуретсиздиги абалында алардын ар кандай кыймыл аракеттерин “бийликти күч менен басып алууга даярдык” катарында мүнөздөөгө болбойт. Бул бийлик үчүн күрөштөгү мыйзам ченемдүүлүк. Президенттин айланасы болсо коомдогу иштин абалына туура баа берүүнүн ордуна, фактыларды бурмалап, керектүү жагына козутуу менен аша чаап кетүүдө. Муну биз түшүнүксүз “Элдик парламент” менен окуядан көрүп жатабыз. Мыйзамдын жана жөнөкөй логиканын көз карашынан териштирүүгө аракеттенели.

Калк тарабынан бир убактагы агрардык республиканын экономикасынын айыл чарба секторун башкы кыйратуучу катары кабыл алынган Б.Талгарбеков бир нече жылдан бери өзүн бийликке оппозиция катарында көргөзүп келет жана өзүнө окшогон реваншисттердин ар кайсы топторуна барып калууда. Кыргызстандыктар анын аракеттерин мурдагы убакытты эңсөө катары гана кабыл алышат жана аны карылык акылдан адашуу менен байланыштырышат. Эч ким аны ээрчибейт. Анысына да мейли, чындап келгенде ким менен бириккенди жана тынч акцияларды өткөрүүнү кааласа да, бул – анын конституциялык укугу. Кабатырлаткан нерсе башка, Бийликтин муну түшүнбөгөндүгү. Же түшүнөт, бирок, башкаларга сабак болсун деп аны жана анын шериктерин “айыпка жыгуу” менен аларды каармандар (элдик баатырлар)– саясий туткундар кылуу тобокелчилигин жаратып алгандыгында. Минтүү менен элдин алар жөнүндө пикирин таптакыр тетири өзгөртүп алууга болот, ошондо жөнөкөй көпчүлүк аларга кошулууга умтула башташат.

Конкреттүү аракетти (аракетсиздикти) кадыресе кылмыш катарында мүнөздөө үчүн төрт системчеден (подсистем) турган: кылмыш объектисинен, кылмыштын объективдүү тарабынан, кылмыштын субъектисинен, кылмыштын субъективдүү тарабынан турган кылмыш курамынын болушу зарыл. Бул көрсөтүлгөн кылмыш курамынын мааниси ал кылмыш-жаза жоопкерчилигине негиз болуп кызмат кылгандыгында турат. Кылмыш курамынын кандайдыр-бир элементи жок болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала албайт. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине негиз болуп кылмыш-жаза мыйзамы менен каралган кылмыш курамынын белгилерин камтыган коомдук коркунучтуу жосунду жасоо саналат.

Бекболот Талгарбековго жана анын “Элдик парламент” боюнча коллегаларына тагылып жаткан кылмыштардын объективдүү жагына токтололу. Аракеттерди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 295-беренеси боюнча квалификациялоо үчүн бийликти күч менен басып алууга же бийликти күч менен кармап турууга багытталган аракеттерди жасоо зарыл. Кылмыш бийликти күч менен басып алууга же кармап турууга багытталган аракеттерди жасаган учурдан тартып аяктаган болуп эсептелет. Бизге белгилүү болгондой, “Элдик парламент” мүчөлөрү зомбулук мүнөздөгү кандайдыр-бир аракеттерди жасашпаган, а демек, алардын аракеттеринде кылмыш курамы жок.

Тергөө тарабынан алардын аракеттеринин бийликти күч менен басып алууга же күч менен кармап турууга аракет катары квалификацияланышына келсек, ал дагы укукка жат. Бул үчүн, эч болбогондо, кылмыштуу шериктештиктин бийликти басып алуу максатындагы кутуму болууга тийиш. Эгерде тергөө “Элдик парламент” кылмыштуу шериктештик деп эсептесе, анда алардын катарына партиянын программасын андан ары турмушка ашыруу үчүн акыркы максаты бийликке келүү болгон бардык саясий партияларды коюу керек.

Эгерде “Элдик парламент” мүчөлөрүнүн форумда же пресс-конференцияларда сүйлөгөн сөздөрү кутум болсо, анда ашканада, ар кандай салтанаттарда жана аза жыйындарында азыркы бийликтин кемчиликтери жөнүндө сөз кылган бардык калк – кутумчулар. Анан дагы, өз сөзүндө байкуш Б.Талгарбеков А.Атамбаев, анын артынан Өкмөт да ыктыярдуу отставкага кетет, андан кийин бошогон орундарды алар ээлей тургандыгын айтууда. Ал азыркы иштеп жаткан президент эми эле өз кызматын таштоого камданып жаткандыгын баса белгилейт. Андан кийин, Конституцияга ылайык, Өкмөт да кетиши керек. Бирок эч кандай бийликти басып алуу жөнүндө ал сөз кылган жок. Кимдин башына дөөрүгөн сөздөр келбейт. Минтсе, ар кимге эле кутумчу айыбын тагууга болот. Кимдир-бирөөнү кылмыш жасоого айыптоо үчүн далилдер керек. Кылмыштуу шериктештик катары оор же өзгөчө оор кылмыштарды системалуу жасоо үчүн алдын-ала уюшулган эки жана андан көп адамдардын же топтордун туруктуу, тыгыз баш кошкон бирикмеси таанылат. Бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашыруу үчүн адамдык жана аз эмес акча ресурстары, курал ж.б. талап кылынат. Туруктуулук далилдери кана, акчалар жана куралдар кана?

Төрөбай Колубаевдин жазылып алынган сөздөрү – түккө турбаган кем акыл мактануу. Мындай сөздөр ар жерде жана дайыма болот. Ар ким эле өзүнүн жинине тийгенди сайып салам, муунтуп салам же атып салам дей берет.

Бүгүн белгилүү болгондой, Марат Султановдун кайсы-бир жактан келишкен жана Ысык-Көлгө өтүп кетишкен имиш деген жомоктогудай “камданган” кишилери жөнүндө сөзүнө келсек, ал Жогорку Кеңешке күзүндө өткөн шайлоодо карызга акча алган өзүнүн кредитору, Жогорку соттун мурдагы судьясы Абиджан Исаков менен сүйлөшкөн. Карызды кайтарууну кантип болсо да артка жылдыруу жана карыз доолаган жолдошунан кутулуу үчүн 11-12синде акчаны кайтарып берише турган дайыны жок компаньондору-карызгерлери жөнүндө калпты айтып койгон. Ар кимде мындай болушу мүмкүн. Кээде кутулуу үчүн мындан башка да калп айтып коюуга болот. А тергөө, аны эл алдында кутумчу катары көрсөтүү үчүн, үн жазууну убактылуу болсо да, жасалмаланган болсо да, далил катары пайдаланган. Эң башкысы элге чыгарып жиберели, эл баарына ишене берет принциби боюнча аракеттенишкен.

Анан эң башкысы, эгерде тергөөнүн логикасын ээрчисек, көптөгөн суроолор келип чыгат: – Эмне үчүн үч адам гана камалган? Эгерде бул кылмыштуу шериктештик болсо, анда эмне үчүн “Элдик парламенттин” баардык мүчөлөрү жоопко тартылбайт? Же алар үчөөсү эле бийликти басып алууну ойлоштубу? Алар айтышкан курал жана акча кайда? “Камданган” эки кишини аныкташтыбы жана Марат Султанов сүйлөшкөн адамды суракка алыштыбы? Бул суроолорго жооптор тергөөгө кереги жок деген ой келет, себеби алар тергөөчүлөрдүн бийликти күч менен басып алуу жөнүндө жоромолдорун төгүндөйт. Жакында бийликтин көзүндөгү коркунуч жок болот, бирок кеч болуп калат. Бир гана нерседен – мыйзамсыз эркиндиктен ажыратуудан башка бардык бузулган адам укуктарын калыбына келтирүүгө болот. Тергөөнүн күнөөсү боюнча жоготулган эркиндикти эч качан кайтара албайсың. Кеч болуп кала электе камакка алынган “Элдик парламент” мүчөлөрүн камактан бошотуу зарыл.

Казбек Токтолиев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: