8-ноябрда Бишкектин Ош базары районуна жакын Кулиев көчөсүндөгү үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал жерге Бишкек ШИИБисинин кызматкерлери барып, каза болгон кишинин тууганы менен жолугушкан.
“Ал менин таякем болот. Көчөдө тоңуп калбасын деп үйүмө киргизип алгам” десе, дагы бир жээни: “Биз жөн эле олтурганбыз. Ал уктап кеткен”, – дейт. Жансыз дененин туугандары алгылыктуу эч нерсе айтып беришкен эмес.
Тез жардам келип, өлүм фактысын каттап, милиция чакыртышкан. Жансыз дене райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Териштирүү улантылып жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ