Menu

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен көрүүчүлөр жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео көрсөтүүлөрдү  көрө алышат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиева Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.

«Женева-2006» санариптик берүүгө өтүү боюнча эл аралык келишимине ылайык, 2011-жылдан тартып өлкөдө санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасы ишке ашырылып келе жатат.

Санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен  көрүүчүлөр көптөгөн телеканалдарды жогорку сапаттагы теле уктуруулар менен сапатуу видео картиналарды көрүүгө шарт түзүлөт.

Ошондуктан санариптик телерадиоберүүгө өтүү менен калкыбыз утушка ээ болот. Ал эми өлкөдө аналогдук берүүлөрдү толугу менен өчүрүү  2017-жылга пландаштырылууда – деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Гулмира Кудайбердиева санариптик телерадиоберрүүгө өтүүдө калкка телеантеналарга ресиверлерди орнотуу зарылдыгы  боюнча түшүндүрүү ишитерин жүргүзүүнү тапшырды. “Бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылышы керек”, – деп билдирди Кудайбердиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: