Menu

Бишкектин Ленин райондук сотунда 15 кг банги зат менен кармалган Асатулло Мирабдуллаевдин кылмыш иши каралууда

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 247-ст.(Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) 2-6. 1-п, 3-б. 4-п менен айыпталган Мирабдуллаев Асаттулло Убайдиллаевичтин кылмыш иши каралууда. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Алдын-ала тергөө органы тарабынан Мирабдуллаев Асатулло Убайдуллаевич 2014-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарынын Абакан көчөсүнүн жанынан салмагы 15 кг. 590 гр. баңги заты менен кармалган деп КР КЖКсынын 247-ст. 2-б. 1-п. 3-б. 4-п. менен айыпталып сотко берилген.

Аталган кылмыш иши Ленин райондук сотунун судьясынын өндүрүшүндө болуп, жактоочу төрагалык кылуучуга баш тартуу келтирген жана баш тартуу канааттандырылып, кылмыш иши башка судьяга берилген.

Кылмыш иши боюнча бардык күбөлөр, күбө-калыстар суралып, 1 күбөнү сотко камсыздоо мүмкүн болбогондуктан анын көрсөтмөсү жарыяланган.

Соттолуучунун жактоочусунун өтүнүчү боюнча кылмыш иши боюнча буюм далили 15 кг. 590 гр. баңги заты соттук териштирүүдө изилденди.

Соттолуучунун жактоочусу өтүнүч келтирип, анда баңги заттарына карата комиссиялык соттук-химиялык экспертиза дайындоону өтүнгөн жана Ленин райондук сотунун 17.06.2016-ж. токтому менен жактоочунун комиссиялык соттук-химиялык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган.

Жактоочу ушул эле күнү төрагалык кылуучуга карата баш тартуу келтирген.

Ленин райондук сотунун 17.06.2016-ж. токтому менен жактоочунун баш тартуусу канааттандыруусуз калтырылып, кабыл алынган сот актыларына иш боюнча биротоло чечимге даттануу менен бир эле учурда апелляциялык тартипте даттануу укуктары түшүндүрүлгөн.

Жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу соттук териштирүү 24.06.2016-ж. саат 15-00го калтырылган.

24.06.2016-ж. саат 15-00го калтырылган соттук териштирүүгө жактоочу ооруп жаткандыгын билдирип келген жок.

Соттук териштирүүгө жактоочу келбегендиктен сот процесси 05.07.2016-ж. саат 10-00го калтырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: