Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Жыпар Жекшеев да директорлор кеңешинин мүчөсү катары кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек!”

Бөлүшүү:

Жакында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Хоменюктун жазган каты боюнча интервью берди. Анда Хоменюктун, Кумтөрдүн тегерегиндеги бардык көмүскө болуп жаткан иштердин чекесин гана кылтыйтып койду. Анын мындай кадамын коркутуу, же саясый кадам деп эсептесек болот. Көрсө “Кумтөрдүн” жана “Кыргызалтындын” жетекчилери мурун эле, кылмыш иштерди жаап, жашырып жүргөн экен.

Дастан Сарыгуловдун үстүнөн кылмыш ишин тергей баштаган соң, бул ишти чала бүткөрбөй, кийинки “Кыргызалтындын” жетекчилери, директорлор кеңеши, башкы адистер дагы жоопко тартылышы мыйзам талабы. Бир гана Д.Сарыгуловду кылмыш жообуна тартып, кийинкилер сүттөн ак болуп чыга келбеши керек. Андай болууга тийиш эмес, эгерде жалгыз эле Д.Сарыгулов кылмыш жообуна тартылса, анда бул кадамыңар ага гана тиешелүү саясый буюртма деп эсептейбиз.

К.Кудайбергенов көзү өтүп кетсе дагы уурдалган акчасы балдары, неберелерине калып, катар-катар парламенте отурушат. Башка жетекчилер деле жер карап калган жок, баарынын бизнеси бар. Балдары чет өлкөлөрдө окуп, жашап, шапар тээп жүрүшөт. Жыпар Жекшеев деле директорлор кеңешинде айлык алып иштеп жүргөн, эмне үчүн ошондо бир үн катып койгон жок. Амангелди Муралиев Кумтөрдөн, Макмалдан алтын уурдалып жатканда бир дагы үн каткан жок, кайра өзү көмөк көргөзүп, жаап жашырып жүрдү.

“Кайсы жерден тамак ичсе, ошо жердин күкүгү болгонду” кыргыз саясатчылары адат кылып албадыкбы. Кантип эле ири акчалар ортодо уурдалып жатса, отчётторун көрүп, макулдугуңарды берип жүрдүңөр? Билбей калдым деген суу кечпей калат. Ошондуктан Жыпар Жекшеев, мен сизди сыйлайм, бирок сиз дагы жоопкерчиликтен кача албайсыз, чындыкты жашырбай элге айтып бериңиз. Жанагы дежур эксперт Орозбек Дүйшеев Кумтөрдө жана көмүр кендеринде директорлор кеңешине кирип алып, айлык алып, бардык көмүскө иштерге катышып жүрөт. Кумтөрдүн тегерегиндеги кылмыш иш боюнча Кумтөрдүн жумушчулары дагы президенке кайрылуу жаза коюшуптур. Эгерде Кумтөр токтосо, биз каршылык акциясына чыгабыз деп. Ээ айланайындар, Кумтөрдүн жумушчулары, силердин жеке кызыкчылыгыңар  жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгынан артыкпы?. Бул жерде оор кылмыш жасалып жатат, ири каражатты кызмат абалынан пайдаланып уурдап, өздөрүнө ыйгарып алышкан. Мамлекетти ири зыянга учуратканы үчүн жооп бериши керек. Керек болсо Кумтөрдүн ишин токтотуп коюп, юридикалык баа берилиши абзел. Үч миң адамды кызмат менен камсыз кылабыз деп миллиарддаган акчадан кур калабызбы? Же Кумтөрдөгү уурулуктун бетин ачып, экологияны булгап, зыян келтирилгенин айтып коюш силердин түз милдетиңер эмеспи, же ачык айта албайсыңар. Жети-Өгүздүн активистери маселе көтөрсө, силер каршы турбадыңарбы! Силер ушуга чейин жаап, жашырып келгенсиңер. Мен билип эле турам, айлаңар кетип, үй бүлөңөрдү багам деп оозуңар буулуп калган, мойнуңарга алышыңар керек. Атамбаевге жазган кайрылууңарга дагы үстүрттөн буйрук берилген. Бирок элдин үнүнө, бирөөнүн аракетине кыянаттык кылбагыла.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: