Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-июнда, Жогорку Кеңештин кароосуна чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министрдин кызматына жана жаңы түзүлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилигине талапкерлерди сунуштады. Учурда депутаттар өкмөт башчыга жана жана сунушталган талапкерлерге суроолорду берип жатышат.
С.Жээнбеков төмөнкү тапкерлерди сунуштады:
– Разаков Жеңиш Парпиевич – чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри кызмат ордуна талапкер;
– Бекбоев Турдуназир Бекбоевич – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна талапкер;
– Айдаров Замирбек Казакбаевич – Транспорт жана жолдор министри кызмат ордуна;
– Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович – Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы кызмат ордуна талапкер;
– Шаршенбиев Бакыт Нуржанович – Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызмат ордуна талапкер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ