Кечээ, 30-июнда Лондон шаарында Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин үстүнөн түшкөн бизнесмен Шон Дейлинин доо арызы боюнча соттук угуулар уланды. Шон Дейли кыргыз сотунун 2014-жылдагы чечимине таянып, “2006-жылы Максим Бакиев мени өлтүрүүгө буйрук берген” деп сотко арызданып, миллиондогон акча өндүрүп алууга аракет кылып жатат . Максим Бакиев бул айыптоону четке кагып келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ