Магниторгорск шаарында жүрөгүнө ок тийип, тажикстандык Асадулло Махмудов өлтүрүлдү. Бир нече жыл мурун ал бул шаарда тажик диаспорасын жетектеп турган.
Жергиликтүү ММКлар кабарлашкандай, окуя 14-декабрда Асадулло Махмудовдун үйүнүн алдында болгон. Ок анын жүрөгүнө тийген. Ишкер 49 жашта болчу. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Тергөөчүлөр ишкер кимдир бирөөнүн буюртмасынын негизинде өлтүрүлүшү мүмкүн экенин четке кагышкан жок, ошол эле маалда башка версиялар дагы каралууда.
Тажикстандын Эмгек, миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Махмудовдун өлтүрүлгөндүгүн тастыктады. Бирок аларга азырынча расмий маалыматтар түшө элек.
Бул арада Магнитогорскто жашаган 5 миңдей тажик Махмудов жана Тажикстандан чыккан башка ишкерлердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүштү. Акыркы эки жылдын ичинде тажикстандык төрт ишкер киши колдуу болуп көз жумду. Жасалган кылмыштардын бети ачылган эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ