Бүгүн Ала-Арча резиденциясында мектепти артыкчылык менен бүткөн окуучуларга “Алтын сертификаттарды” тапшырып жатып Атамбаев өткөн күндөрүн эстеп кетти окшойт, окуучулардын алдында бир арманын айтып алды. Ал институтта окуп жүргөндө окууга убактысы болбогонун, анткени акча табуу үчүн иштөөгө туура келгенин айтып, “Мен да учурунда көчө шыпырып, пол жууп, от жагып, жүк ташып иштегенмин. Жумуштун уяты жок. Ууру министр болгондон көрө көчө шыпырып, пол жууган жакшы”, – деди.
Ал эми Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков болсо ЖКга жарашыктуу кийинип келген журналист кыздарга суктанса боло тургандыгын божурады.
https://youtu.be/mH9h9bCntjY
Видео: Санжар Калматай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ