Жакында эле Таласка өкмөттүн өкүлү болуп барган Дайыр Кенекеевге премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ичи жылыбай жаткан көрүнөт. Анткени кечээ, өкмөттүн жыйынында башбакан Кенекеев башкарып жаткан облуста кемчиликтер көп болуп жатканын айтып, тез арада чара көрүүнү эскертти.
Премьер белгилегендей, облуста айрым экономикалык көрсөткүчтөр боюнча төмөндөөлөр байкалууда. “Кемчиликтердин катарына электр энергиясы үчүн дебитордук карыздардын көөбөйүүсүн келтирсек болот. Бул багытта тийиштүү чараларды кабыл алуу керек. Мындан сырткары төө буурчакты сатуу боюнча иш жөнгө салынбай жатат, дыйкандар кыйналып жатышат”, – деди Жээнбеков.
Эске салса, буга чейин таластыктар Дайыр Кенекеевдин келиши менен облуста эч кандай өзгөрүү болбосун айтып, эл ичинде ага ишеним жок экенин билдиришкен эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ