Menu

Экс-президенттер Акаев менен Бакиевдин башын бириктирүү аракети жанданды

Бөлүшүү:

Өгүнү интернет желесинде Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиев Москва шаарындагы мекендештерге агасынын атынан ооз ачтыруу аземин өткөргөнү жарыяланды. Дасторкон үстүндө ар кыл сөздөр айтылып, арасында туңгуч качкын президент Аскар Акаев менен канкор Курманбек Бакиевди элдештирүү маселеси козголуптур. Иш-чараны уюштуруучулардын бири Маматжан Акжолов башында “кылыктанып” аткан Аскар Акаев азыр Бакиев менен “сүйүү ырын ырдаганга” көнгөндөй түр жаратып атканын шыбырап айтса да бизге чейин угулду. Мына кызык тамаша! Россиядагы боордошторубузду ооз ачтырабыз шылтоосу менен уюшулган бул чайлашуунун түпкү максаты көрсө элинен безе качкан канкор, коррупционер ажолорду “баш коштуруу” турбайбы?! Эмне эле Курманбек Салиевичтин Мырзакматов сыяктуу үзөңгүлөштөрү Москвада көзгө чалдыгып калды десе, сырдын түйүнү бу жакта жаткан тура! Ал ортодо, парламенттеги айрым фракция лидерлери, депутаттар тумандуу Албионго барып, Максим Бакиев менен “пайлашып” келгени кабарланганын эстен чыгарбайлы. “Кумтөр” долбоорундагы былыктар чуурулуп чыга баштаганы эзелки душмандар Акаевдер менен Бакиевдер ушинтип “үлпөт тоюна” даярдык көрүүгө жол ачты. Алдыда дагы саясый күрөш күчөөрү турган иш эмеспи. “Бакиевди көрөйүн деген көзүм жок, аны менен бир дасторконго отурбайм” деп безеленген Акаев эми кандайча актанып чыгар экен десең…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: