Жогорку Кеӊеште коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн жогорулатууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Музаффар Исаков, Альфия Самигуллина, Махабат Мавлянова, Евгения Строкова. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Депутаттар тобу коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн көбөйтүүдөн сырткары, тамекинин сатык баасын көтөрүү демилгесин да көтөрүүдө. «Тамекинин наркы кымбат болсо, анда аны балдар сатып алалбайт. Эгерде баа 40 сомго көтөрүлсө, бери дегенде бюджетке кошумча 196 млн сом түшөт», – дейт депутат Дастан Бекешев.
Ал үчүн КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Тамекинин зыяндуу таасиринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Андан сырткары, тармактык комитеттин сунушу менен добушка эки вариант коюлуп жатканы белгилүү болду: коомдук жайларда таптакыр тыюу салуу же тамекини атайын жайларда чегүү.
Депутат Акылбек Жапаров тамеки чеккенге таптакыр тыюу салып, айыппулду кескин көтөргөнгө караганда, андай адамдарга коомдук жайларда атайын шарт түзүп берүү кыйла натыйжалуу болорун, бул бойдон мыйзамдын толук иштеп кетишинен күнөм санай турганын билдирди. Мындай пикирге баяндамачы да кошулуп, атайын кабина уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Ал эми депутат Альфия Самигуллина мыйзам долбоорундагы «тамеки чегүү» деген сөздү жалпылаштырып эле «тамеки пайдалануу» деген сөз менен ашмаштырууну сунуштап, ошондо сөз мааниси так болорун айткан. Анын пикиринде тамекини пайдалануунун көп түрү бар: «тамеки чегүү», «насвай тартуу», «тамеки чайноо», «тамеки жыттоо» ж.б.у.с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ