Menu

Министрликтер жана мекемелер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоого алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мекемелери 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо жана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле согуштун ардагерлеринин маселелерин чечүүгө мамлекеттик органдардын көңүл буруусу боюнча чараларды кабыл алуу максатында жасалууда.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ардагерлерге туруктуу негизде социалдык жана финансылык жардам көрсөтүшүп, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга аракеттешет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: