Menu

Ош базарындагы көчө тазалагычтан КТРК башчылыгына жеткен Илим Карыпбеков

Бөлүшүү:

Курманбек Бакиевдин учурунда президенттин катчылыгында иштеп, жаңы бийлик келгенден кийин “Манас” аэропортуна барып, директорлук кызматка чейин жетип, өткөн жылы КТРКнын башчылыгына келген Илим Карыпбеков башынан катаал турмушту кечиргенин айтып, агынан жарылды. Кечээ, Алмазбек Атамбаев мектепти артыкчылык менен бүтүргөн окуучуларга “Алтын сертификаттарды” тапшырып жатып, көчө шыпырып, пол жууганын айта салды эле, “шефинин” сөзүн дароо Карыпбеков колдоого алып, интернеттен комментарий жазды.

“Алмазбек Шаршенович, сонун сүйлөдүңүз. Айтылган ар бир сөзүңүзгө кошулам. Мен дагы кайсы бир учурда Ош базарында көчө шыпырып, дүкөндө соода кылып жүргөнмүн. Жашоодо ушундай тажрыйба топтогонум үчүн азыр абдан кубанычтамын”, – дейт Карыпбеков.

Албетте, жумуштун уяты жок, ак эмгек менен адал оокат кылганга не жетсин. Бирок, мамлекеттик жогорку кызматтарды мыкчып отурган адамдар көчө шыпырып, дүкөндөп тажрыйба топтобой, билимин өркүндөтүү жагынан тажрыйбасы мол болгону жакшы эмеспи. Ишенген ажобуз дагы учурунда кара курсак деп жүрүп, институтта окуганга убактысы болбогонун моюнга алды. Анан, өзү айтпаса да анын билиминин деңгээли сүйлөгөн сөздөрүнөн эле көрүнүп турбайбы… Бийликке жетүүнүн айлакердиги билим менен гана чектелбей тургандыгы азыр дайын болду.

Ал эми Илим Карыпбековдун өзүнүн тагдырын Атамбаевдин тагдырына окшоштуруп, Атамбаевге кошоматтана калганы анын көзүнө илинейин деп жатканыбы же мураскерликке амбициясы барбы?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: